Каректериң жашы болуп жамгырдын,
Канча күттүм арасынан ай-жылдын.
Какшап жүрүп сага жетпей калсамда,
Караныңды бир көрүүгө зар кылдың.
Суусап турган гүлүң көздөй бара албай,
Суу да бир күн буулат экен ага албай.
Санаа менен таң аттырып келе жатам,
Сага окшогон бир да жылдыз таба албай.
Адам жоктур бул дүйнөдө сүйбөгөн,
Ашыктыктын азабында күйбөгөн.
Мейкиндеги кош сызыктай биз эми,
Өтөбүзбү бир кездешпей дүйнөдөн,
Кетебизби бир кездешпей дүйнөдөн.
Каректериң жашы болуп жамгырдын,
Канча күттүм арасынан ай-жылдын.
Какшап жүрүп сага жетпей калсамда,
Караныңды бир көрүүгө зар кылдың.
Your eyes are wet with rain,
How many months of the year have I waited.
When I can't reach you,
You longed to see.
You can't go to your thirsty flower,
The water would evaporate one day.
I wake up in the morning anxious,
I can't find a star like you.
There is no one in this world who does not love,
He did not burn in the pain of love.
Like a double line in space, we now
Will we pass from one world to another,
Will we leave the world without meeting one another.
Your eyes are wet with rain,
How many months of the year have I waited.
When I can't reach you,
You longed to see.