Сөзү: И. Таалайбековдуку
Обону: Казак элиники
Ашык болдум бул айылдын бир кызына,
Кара каштуу, узун чачтуу сулуусуна.
Неге мынча жаш жүрөгүм тынч албады?
Мүмкүн менин келечекте жубайым ал.
Айланайын кыргызымдын кыздары, ай,
Күлкүлөрү шыңгыр добуш булагындай.
Жүрөгүмдү жаралантып багындырат,
Арасында көп кыздардын бир сулуу, ай.
Жеңесинин кулагына алтын сырга,
Эгер мени ал кыз менен тааныштырса.
Күйөө бала болоюн мен айлыңарга,
Эгер биздин алдыбызга бакыт турса.
Word: I. Of Taalaibekov
Melody: Kazakh folk
I fell in love with a girl from this village,
To a beauty with dark eyebrows and long hair.
Why is my heart so young?
Maybe it's my future wife.
Kyrgyz girls around, moon,
Their laughter is like a ringing sound.
He will break my heart,
Among the many girls is a beautiful moon.
A gold earring in her aunt's ear,
If he introduces me to that girl.
I will be your son-in-law.
If we have happiness ahead of us.